Чүй облусунун аймагында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 18-ноябрда 36 жаштагы К.Т. жаран кайрылып, А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 27-октябрында аталган жаран сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, баасы 250 000 сом турган Mercedes-Benz 124 үлгүсүндөгү унаасын алдап алып, белгисиз тарапка из жашырган.
Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү аталган унааны үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган. Унаа алынып, буюм далили катары таанылган.
Териштирүү иштери улантылууда.
Аталган жарандан жабыркагандар болсо, Москва РИИБге же төмөнкү телефон номерлерине кайрылса болот:

