19:44
USD 87.45
EUR 104.39
RUB 1.16

Жаңы мал базарда адал мал союу эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү Бишкектин четиндеги жаңы мал базарында шариятка ылайык мал союу талаптарын талкуулоо үчүн жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада КМДБнын адал бөлүмүнүн адистери малды союуда жаныбарларга жакшы мамиле кылуу, кыйнабастан, адал жол менен союунун шарияттагы мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Малды союуда курч бычак колдонуп, бир кыймыл менен мууздоо зарыл. Малдын жаны толук чыккандан кийин гана жиликтеп союу керек. Эгер бир нече мал сойсоң, ар бирине өз-өзүнчө Алланын аты айтылып мууздалышы шарт экендиги белгиленди.

Ошондой эле ал малды кыбылага каратып союу сүннөт экенин белгилеп, бул амал союмдун адал болушуна көрк кошо турганын айтылды.

Муфтият
Фото Муфтият. Жаңы мал базарда адал мал союу эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Иш-чарада мал союуда шариятта белгиленген негизги талаптарга да өзгөчө токтолулду. Тактап айтканда, союу учурунда кекиртек, кызыл өңгөч жана күрөө тамырлары кесилиши шарт экени белгиленип, кан толугу менен агып чыгышы керектиги баса белгиленди.

Каныбек ажы Баргыев да касапчыларга кайрылып, санитардык талаптарга жана тазалыкка өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

«Бир нече малды сойгондо ар бирине өз-өзүнчө Алланын аты менен мууздоо зарыл. Мал союлуучу жай таза болушу керек, бычак жана колдонулган буюмдар дайыма таза абалда кармалышы шарт. Союудан кийин малдын канын толук агызуу жана туура сактоо да абдан маанилүү», — деди Каныбек ажы Баргыев.

Өз кезегинде мал базарынын жетекчилиги касапканада мал союуга бардык шарттар түзүлгөнүн, санитардык талаптар күндөн күнгө жакшыртылып жатканын билдирип, Муфтият өкүлдөрүнүн келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында КМДБнын адал бөлүмү тарабынан даярдалган «Мал союунун эрежелери» аттуу маалыматтык баннер илинип, касапчыларга жана базардын кызматкерлерине атайын маалыматтык буклеттер таратылды.

Жолугушуунун соңунда касапчылар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, дин аалымдарынан жоопторду алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар