16:03
USD 87.45
EUR 103.72
RUB 1.14

Ошто көчөлөр кеңейтилип, чоң жолдун боюндагы имараттар буздурулат

Түштүк борбордун мэриясы эртең мененки дагы бир текшерүүнү жарыялады. Анын жүрүшүндө Ош көчөсүн төрт тилкелүү чоң жолго кеңейтүү чечими кабыл алынды. Текшерүүгө мэр Жеңишбек Токторбаев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Рейддин жүрүшүндө аталган көчө Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү жол катары кеңейтилери белгиленди. Ошондой эле бул көчө Ош эл аралык аэропортуна алып чыгуучу кошумча альтернативдүү жолдордун бири болору айтылды. Ушуга байланыштуу, кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин баштоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, шаар мэри Ош көчөсүндө жайгашкан «Жетиген» билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аталган көчө 24 метрге чейин кеңейтилип, эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар