02:38
USD 87.45
EUR 100.76
RUB 1.08

Ош шаарында төрт жаңы суу сактагыч пайдаланууга берилди

Ош шаарында төрт жаңы суу сактагыч пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын башчысы Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ак-Буура дарыясынын жээгине мурунку эски бассейндин ордуна курулган суу сактагычтардын жалпы көлөмү 24 миң куб метрди, жалпы аянты 5 миң 450,7 чарчы метрди түзөт.

Ар кандай себептерден улам суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учураса, суу сактагычтардан суу шаардын чыгыш тарабына берилет, деп түшүндүрүштү муниципалитет.

Эң көп окулган жаңылыктар