Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 27-январдан 29-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорго кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт:
Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайыда;
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.
«Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.

