Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Буга чейин муфтийдин Нарын облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эрик Молдокулов Жалал-Абад облусундагы жаңы өкүл болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.
Жаңы дайындалган өкүлдү Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Ал эми өкүлдүн мурдагы милдетин аткаруучу Ниматулла ажы Жээнбеков Сузак районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды.
Эрик ажы Молдокулов тууралуу:
Молдокулов Эрик Тыныбекович 1985-жылы 15-январда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген.
1992-жылы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектептин босогосун аттап 2003-жылы аяктаган.
2004-жылы КИУга тапшырып, 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Алгачкы эмгек жолун 2011-жылы Нарын шаарында жайгашкан Нарын диний медресесинде окутуучулук жана жетекчилик кызматынан баштаган.
2014-жылдан 2020-жылга чейин Нарын шаарындагы «Саад ибн Абу Ваккас» мечитинде имамдык кылган.
2020-жылдан 2021-жылга чейин Нарын облусунун мусулмандарынын казыятынын казынын орун басары болуп иштеген.
2021-жылдан 2026-жылга чейин Нарын облусунда казылык кызматты аркалады.
Үй-бүлөлүү; 3 уул, 1 кызы бар.

