КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) борбор калаанын жаңы таштанды полигонун долбоорлоо жана курууга байланыштуу коррупциялык ишке байланыштуу Бишкек мэриясынын кызмат адамдарынын жана подряддык уюмдардын жетекчилеринин кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоору боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурундагы коррупция боюнча кылмыш ишин козголгон.
Мамлекеттик сатып алуулардын айрым элементтерине жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча бөлүнгөн кредиттик каражаттардан бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 млн сомду түздү.
Буга байланыштуу 12-январда «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А., «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., подряддык компаниялардын жетекчилери И.В.Р., А.Н.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда атайын кызмат тарабынан бюджетке келтирилген зыяндын акыркы суммасын жана ага тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

