Кыргызстан гепатитке каршы 250 миң доза вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал бул вакцина үч дозаны талап кылаарын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бекер сатылаарын белгиледи. Гепатитке тестирлөө да бекер жүргүзүлүшү мүмкүн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин чаралары эрте диагноз коюуга багытталганын белгиледи ал.

