Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Жалал-Абад облусунда «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун маселелерине байланыштуу жеринде көчмө жыйын болуп өттү.
Президент Садыр Жапаровдун ыкчам тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Отурумдун жүрүшүндө ишкананын учурдагы абалы, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык маселелер жана заводду сактап калуу боюнча келечектеги иш-аракеттер талкууланды. Ишкана кызматкерлери тарабынан өндүрүштүн кыскарышы, эмгек акынын кечиктирилиши жана жумушсуз калуу коркунучу боюнча тынчсыздануулары айтылды.
Өндүрүш толук жанданганга чейин заводдун кызматкерлери убактылуу эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгарылары маалымдалды. Өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык компенсациялар төлөнүп берилээри кошумчаланды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев заводдун ишин жандандыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлөөрүн, өндүрүштү диверсификациялоо жана жаңы багыттарды ачуу боюнча талдоо жүргүзүлөрүн билдирди. Ал ошондой эле кызматкерлердин айлык маяналары 2026-жылдын январь айынын аягына чейин толук төлөнөөрүн билдирди.
Мындан тышкары, заводдун башкаруу системасын жакшыртуу максатында Эсептөө палатасы тарабынан ишкананын каржылык жана башкаруучулук ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берилери маалымдалды.
Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда заводдо чыгарылып жаткан лампаларды (лампа накаливания) өндүрүү токтотуларын айтып, мындай продукция дүйнө жүзүндө колдонулбай калганын белгиледи.
Азыркы учурда Майлуу-Суу лампа заводунда айнек идиштеринин бир канча түрү өндүрүлөт (стеклотара, бөтөлкө, банка, светодиодная лампа).
Белгилей кетсек, Майлуу-Суу шаарында жайгашкан бул Майлуу-Суу лампа заводу 1964-жылдан тартып курулуп иштеп баштаган. Азыркы убакытка чейин заводдун иш алып баруусунда башкаруу формасын уюштурууда мамлекеттик ишкана, акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом болуп бир нече жолу өзгөрүлгөн.

