Бишкектин Свердлов районунда Чоң Чүй каналына каналына агып кеткендерди издөө-куткаруу иштерине 150 адам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 90 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 куткаруучу жана шаардык администрациядан 30 куткаруучу катышууда. Ишти министрдин орун басары Эрнест Жусупов координациялап жатат.
30-декабрда үч адам каналга кулап кеткен. Алардын биринин сөөгү табылып, милицияга өткөрүлүп берилген. Дагы эки адамды — 1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т. издөө иштери уланууда.
Министрлик кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

