09:44
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Бүгүн Бишкекте автобустар түнкү экиге чейин каттайт

Жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 02:00 — 03:00гө чейин каттайт.

Каттамдарга жалпысынан 300дөн ашык автобус чыгат.

Бул чечим борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар