УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын күчтөр бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып, спорт комплексинин курулушун баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик комитет билдирди.
Камчыбек Ташиев өздүк курам алдында сүйлөп жатып, атайын күчтөрдүн жогорку кесипкөйлүгүн, эрдигин жана өз өлкөсүнө берилгендигин жогору баалады. Ал «Альфа» жоокелери улуттук коопсуздукту камсыз кылууда жана жарандарды коргоодо маанилүү ролду ойной турганын баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында «Альфа» атайын күчтөр бөлүмү үчүн келечектеги спорт комплексинин пайдубалына капсула салынды. Жаңы имарат жеке курамдын физикалык жана кесиптик даярдыгы үчүн арналган жана УКМКнын күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу, жеке курамдын ден соолугун чыңдоо системасынын маанилүү бөлүгүнө айланат.

