Эртең, 23-декабрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −5...-10 күндүз −3...+2
Таласта түнкүсүн −6...-11 күндүз −1...+4
Баткенде түнкүсүн 0...-5 күндүз 0...+5
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5 күндүз 0...+5
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1...-6 күндүз −1...+4
Нарында түнкүсүн −8...-13 күндүз +1...-6
Бишкекте түнкүсүн −6...-8°, күндүз 0...+2° болот.

