21:05
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Балыкчынын четинде курал-жарак сакталган жер табылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Балыкчынын четинде ок атуучу куралдар сакталган жер табышты.

УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Балыкчы шаарынын четинде «Макаров» тапанчасы жана «револьвер» түрүндөгү 1 даанадан ок атуучу курал табылган.

Атайын кызматтан билдиришкендей, алынган ок атуучу куралдардын номерлери атайылап алынып салынган (өчүрүлгөн). Алдын ала маалымат боюнча, тапанчалар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык болгон, алар куралдарды өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн алкагында жеке пайда табуу максатында мыйзамсыз алышкан.

Учурда курал-жаракты мыйзамсыз сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар