19:10
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

УКМК Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысын кармады

10-декабрда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Т.А. өзүнүн кол алдындагылардан системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Кармалган адам 2024-жылдан бери Балыкчы Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ошол эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз опузалап акча талап кылып келгени белгиленди.

Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар КР ИИМинин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар