10:49
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.10

Жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу. Бишкектин борбордук аянты убактылуу жабылат

Бүгүн, 12-декабрда саат 18:30да Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу салтанаты өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардын Жол кыймылын башкаруу департаментинин басма сөз кызматынын башчысы Нурсултан Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 15:00дөн баштап жабылат.

«Жол кыймылы качан калыбына келерин азырынча айта албайбыз. Бул эл качан тараганына жараша болот. Жаңы жылдык балаты саат 18:30да жандырылат», — деп кошумчалады Нурсултан Муратбеков.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын башкы жаңы жылдык балатысын ачат.

Эң көп окулган жаңылыктар