Эртең, 9-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... −5, күндүз 0 ... +5;
Талас жергесинде түнкүсүн −5 ... −7, күндүз +2 ... +4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... −4, күндүз +4 ... +6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −4 ... −6, күндүз +2 ... +4;
Нарын аймагында түнкүсүн −11 ... −13, күндүз 0 ... +2;
Бишкек шаарында түнкүсүн −2 ... −4, күндүз +3 ... +5.

