05:21
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кыргызстанда жамгыр жана кар жаайт. −23 градуска чейин суук күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, 8-декабрда күндүз жана 9-10-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт.

Бул күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы бир кыйла төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн абанын температурасы −12ден −17 градуска чейин, ал эми күндүзгү температурасы −4төн −9 градуска чейин жетет;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн абанын температурасы −12ден −17 градуска чейин, ал эми күндүзгү температура −4төн −9 градуска чейин төмөндөйт;
  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн температура −4төн −9 градуска чейин, ал эми күндүзгү температура −4төн +1 градуска чейин төмөндөйт;
  • Ысык-Көл аймагында түнкүсүн температура −12ден −17 градуска чейин, ал эми күндүзгү температура −5тен −10 градуска чейин төмөндөйт;
  • Нарын аймагында (дыйканчылык аймагында) түнкүсүн температура −18ден −23 градуска чейин, ал эми күндүзгү температура −6дан −11 градуска чейин төмөндөйт;
  • Республиканын тоо этектериндеги аймактарында түнкүсүн температура −14төн −19 градуска чейин, ал эми күндүзгү температура −5тен −10 градуска чейин төмөндөйт;
  • Тоолуу райондордо түнкүсүн температура −17ден −22 градуска чейин, күндүзгү температура −7ден −12 градуска чейин жетет.
  • Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн температура −28ден −33 градуска чейин, күндүзгү температура −10дон −15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы байланыш, энергетика жана коммуналдык кызмат көрсөтүүчү компаниялардын ишине тоскоол болот. Катуу жаан-чачын жолдордогу көрүнүүнү азайтып, жол тыгынына алып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар