USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Тимур Мадяров Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими болуп дайындалды

15:13, 27 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Тимур Мадяров Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Тимур Мадьяров 2022-жылдын апрель айынан бери мамлекет башчысынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген. Буга чейин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) ыкчам бөлүмүн жетектеп, мамлекет башчынын аппаратында Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болгон. 2025-жылдын 12-мартынан баштап Каракол шаарынын мэри болуп иштеген.

Тимур Мадяров

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика