USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

19:23, 12 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 13-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14... +19, күндүз +24... +29;

Талас жергесинде түнкүсүн +13... +18, күндүз +23... +28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +28... +33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11... +16, күндүз +17... +22;

Нарында түнкүсүн +7... +12, күндүз +15... +20;

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +27... +29 градус болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика