Чүй облусунда бир жумада 7 миң 943 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
1-8-июнь аралыгында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан рейд жүргүзүлдү.
Алардын ичинен:
— Тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруунун 250 учуру;
— 80 айдоочу мас абалында унаа башкарганы үчүн токтотулган;
— Унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 34 айдоочуга айып пул салынды;
— Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 151 протокол түзүлдү;
— Белгиленген ылдамдыкты ашыра аткарган 1 миң 879 айдоочуга айып салынды;
— Башка унааларга тоскоолдук жаратып, жол белгилерин сактабаган 128 айдоочуга протокол түзүлдү.
Кошумчалай кетсек, бул аралыкта 336 унаа айып жайга камакка алынган. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.