08:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте «Жол эрежелерин сактагыла!» аттуу акция өтүүдө

Бишкекте эртең мененки саат 8де Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда «Жол эрежелерин сактагыла!» аттуу акция өттү.

Иш-чаранын катышуучулары жол жээгинде каз катар тизилип, колдоруна «Биз жашагыбыз келет!», «Биздин жашообузга балта чаппагыла!», «Айдоочу, жол эрежелерин сакта!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Акция баш калаанын Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума