15:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жолдорго камера орнотулду, белгилер коюла элек. Айдоочулар нааразы болушууда

Айдоочулар Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды аныктоо үчүн жолдорго камераларды орнотуп, бирок эскертүүчү белгилердин коюлбагандыгына нааразы. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, айланма жол боюнча Новопокровка айылынын аймагында камера орнотулган.

«Эмне үчүн камералар эскертүү белгилери менен белгиленген эмес? Жол кыймылынын эрежелери боюнча орнотулушу керек», -дешти айдоочулар.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 24.kg агенттигине билдиришкендей, белгилер Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети объектерди толугу менен өткөрүп бергенден кийин коюлмакчы. Айдоочуларга 12-февралдан тарта айып салына баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар