Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата майрамдык Айт намазга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Мамлекет башчы мечиттин жамааты менен бирге майрамдык намаз окуду
Курман айт — адамдарды бириктирип, өзүн бир бүтүн катары ишке ашырууга шарт түзгөн ыйык мусулмандар майрамдарынын бири. Ал милдетке берилгендикти, акылмандыкты, сабырдуулукту, бийик идеалдар үчүн жан аябастыкка даярдуулукту билдирет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалуу ырым-жырымын аткарышат.