23:21
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

24.kg кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктайт

Бүгүн жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы — Курман айтыңыздар маарек болсун!

Бул жаркыраган күн бизге түбөлүктүү руханий баалуулуктарды өз ара жардамдашууну жана башкаларды сыйлоону эске салат. Анда сабырдуулукка, улууларды урматтоого жана маркумдун элесин урматтоого чакырат.

Бул күнү айтылган жакшы тилектер, ар бир үйгө тынчтык, ден соолук жана бакубатчылык алып келсин.

Ажылык сапарын өтөп жаткан зыяратчылардын сапары жеңил болуп, мекенине аман-эсен кайтып келишин каалайбыз.

Ар бирибиздин бул күндөрдө курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын кабыл кылып, ырыскыларын кең кылып, бул майрам жакшы иштерге, жылуу жолугушууларга себеп болсун.

Курман айтыңыздар маарек болсун!

Эң көп окулган жаңылыктар