Транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоого алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Чет өлкөлөрдөн, негизинен Армения менен Абхазиядан алынып келинген жеңил жана жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоонун схемасы президенттин учурдагы «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына карама-каршы келгени белгиленген.
Кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.Т. акчалай сыйлык алуу үчүн президенттин Жарлыгын көз жаздымда калтырып Армения жана Абхазия республикаларынан тиешелүү документтери жок Кыргызстанга алынып келинген автотранспорт каражаттарынын ээлерин каттоого алууну сунушташкан.
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жеңил жана оор жүк ташуучу транспортторду документи жок каттатканы жана бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгү үчүн Транспорт жана коммуникациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине пара катары накталай акчаларды которуп беришкен.
Аталган агенттиктин кызмат адамдарына 8800 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен кылмыштуу схеманын уюштуруучулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.