УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алгачкы беттештери аяктады. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
Биринчи беттеш 30-апрелге караган түнү Париждин «ПСЖ» клубу конокто Лондондун «Арсеналын» 1:0 эсебинде утуп алды.
Голду 4-мүнөттө Усман Дембеле киргизди.
1-майга караган түнү Испаниянын «Барселонасы» менен Италиянын «Интер» командалары беттешти.
Беттеш 3:3 эсеби менен аяктады.
1-мүнөттө Маркус Турам «Интерди» алдыга чыгарды. 21-мүнөттө Дензел Дамфрис эсепти эки эсеге арттырды. Бирок Ламин Ямал менен Ферран Торрес эсепти теңешти. Экинчи таймда Дензел Дамфрис дубль киргизди, бирок «Интерге» автогол менен эсепти теңеди.
Жооптук оюндар 6 жана 7-майда өтөт, финал 31-майга белгиленген.
.

