23:08
USD 87.23
EUR 99.26
RUB 1.05

Бүгүн АКШ президентинин атайын өкүлү Владимир Путин менен жолугат

Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Виткофф Орусияга учуп кетти. Ал бүгүн, 11-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Axios булактарына таянуу менен билдирди.

ЖМК булактары
Фото ЖМК булактары

Басылманын дагы бир булагы эгер айдын аягына чейин Украинада ок атышпоо боюнча келишим түзүлбөсө, Дональд Трамп Орусияга каршы кошумча чектөөлөрдү киргизе турганын билдирген.

Аксиос маалыматына караганда, бул Стив Виткофф менен Владимир Путиндин үчүнчү жолугушуусу болот.

Мамлекеттик департамент визит боюнча комментарий бере элек.

Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, АКШдан учкан Gulfstream учагы буга чейин Санкт-Петербургга конгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG