Кыргызстанда 2025чи жана 2026-жылдары ички суроо-талаптын жогору болушу күтүлөт, бирок инфляциянын да ылдамдашы болжолдонууда. Бул тууралуу презентацияда АӨБ өкүлү Гүлнур Керемкулова билдирди.
Анын айтымында, жеке керектөө жылына 10 пайызга жакын өсөт деп болжолдонууда. Бул акча которуулардын туруктуу агымынын, күтүлүп жаткан эмгек акынын өсүшүнүн жана кредиттик өсүштүн уланышынын эсебинен болушу мүмкүн.
Болжолдонгон мезгилге белгиленген шайлоолор ички чыгымдарды көбөйтүү үчүн кошумча стимул болушу мүмкүн.
Мамлекеттик долбоорлор инвестициянын өсүшүнө олуттуу салым кошот, ал жылына 20 пайыздын тегерегинде болот.
Ошону менен бирге, ички суроо-талаптын уланып жаткан өсүшүнөн, коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулашынан жана улуттук валютанын мүмкүн болуучу нарксыздануусунан улам инфляциянын ылдамдашы күтүлүүдө.
2024-жылы төмөндөгөндөн кийин инфляция 2025-жылы 6 пайызга, 2026-жылы 7,8 пайызга чейин көтөрүлөт деп болжолдонууда.
Инфляциялык басымды күчөтүүчү факторлорго суроо-талаптын жогору болушу, коммуналдык кызматтардын тарифтерине оңдоолор, валютанын мүмкүн болуучу нарксыздануусу, экономиканын импортко көз карандылыгынын сакталышы жана инфляциялык күтүүлөрдүн жогорулашы кирет.
Бирок, негизги керектөөчү товарлардын ички өндүрүшүнүн жакшырышы жана жеткирүү чынжырларынын жолго коюлушу инфляциянын андан аркы өсүшүн ооздуктайт деп күтүлүүдө.
Күтүлүп жаткан инфляциялык басымга жооп катары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кыскаруучу акча-кредит саясатын улантат жана инфляциянын өнүгүшүнө кыраакылык менен мамиле жасайт, кыязы, валюта рыногуна интервенцияны улантат.