21:58
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Бишкекте профессионалдык бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

16-17-майда Бишкектеги Спорт Ордосунда бокс боюнча профессионалдар арасында эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу «Кыргыз боксу» профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Венгрия, Монголия жана Африка мамлекеттеринин мыкты профессионал мушкерлери катышат. Спорттук иш-чара Дүйнөлүк бокс уюму WBC тарабынан бекитилген эл аралык эрежелерге ылайык өткөрүлөт.

Эл аралык турнирдин уюштуруучусу 2023-жылы түзүлгөн «Кыргыз боксу» профессионалдык бокс лигасы болгон.

«Кыргыз боксунун» демилгеси менен Казакстандын Профессионалдык бокс федерациясы менен биргеликте «Түрксойдун» жана WBC уюмунун колдоосу астында 2024-жылы биринчи жолу жаш уландар арасында жыл сайын бокс боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдеште кыргызстандыктар алтын медалга ээ болушту.

«Кыргыз боксу» профессионалдык бокс лигасынын өкүлдөрү спорттун бул түрүн күйөрмандары өз өнөрлөрүн асыл максаттарга, мекендин кызыкчылыгына гана колдонуусу керектигин баса белгилеп, боксту кеңири жайылтуу милдетин коюшканын белгилешти.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG