Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер» категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому чыкты. Документ өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Маалым болгондой, индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн 0,805 гектар сугат айдоо аянты башка категорияга которулууда.
Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев 24.kg агенттигине объекттин курулушун ал жерге ээлик кылган жеке адамдар жүргүзө тургандыгын тастыктады. Анын айтымында, менчик ээлери өздөрү бийликке индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн өздөрүнүн жерин трансформациялоо өтүнүчү менен кайрылышкан.
Эске салсак, 2022-жылы министрлер кабинети тарабынан Кара-Суу районундагы 8 гектар аянт индустриалдык-логистикалык борборго ылайыкташтырылып трансформацияланганы да маалымдалган. Канат Табалдиев бул объект дээрлик бүтүп калганын жана быйыл ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди.