17:00
USD 87.45
EUR 99.20
RUB 1.06

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын рейтингинде 4 позицияга көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде төрт позицияга көтөрүлүп, 1205 упай менен 103-орунду алды.

Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы төрт позицияга көтөрүлдү.

Рейтингде 210 команда бар. Алдыңкы бештикке Аргентина, Испания, Франция, Англия жана Бразилия кирген.

АФК зонасында Кыргыз курама командасы бир позицияга көтөрүлүп, 17-орунда турат.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан курамасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Азия зонасында эки оюн өткөргөн: 20-мартта Ташкентте Өзбекстан курамасына утулуп, 25-мартта Бишкекте Катарды утуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG