06:51
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Транспорт министрлиги бардык адистиктеги инженерлер кызматына тендер жарыялады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Өндүрүштүк-инновациялык борбор инженердик кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Тиркеме мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Мекеме инженердик кызмат көрсөтүү боюнча келишимдерди түзүүнү көздөп жатат, анын ичинде жол инженери (долбоорлоочу) 3,6 млн сомго, инженер-геолог 5 млн сомго, инженер-маркшейдер 2,4 млн сомго, инженер-сметалык 1 млн сомго иш алып бармакчы. Сатып алуунун жалпы суммасы 12 миллион сомду түзөт.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 31-мартына чейин. Кепилдик күрөө сунуштун суммасынын 2 пайызын түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG