Президент Садыр Жапаров «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Макулдашуу эки мамлекеттердин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге аларды пайдалануу максатында тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууну карайт.
Ошол эле учурда үч дарбазасы бар башкы плотинаны жана Ак-Татыр/Мачои каналынын башкы суу алуучу курулмасын биргелешип иштетүү сунушталууда.