16:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү жасады

Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында 2022-жылдын 25-сентябрындагы № 42 протоколду ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу жөнүндө протоколду ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууда биргелешкен ишмердүүлүктү координациялоо маселелерин талкуулашты.

Тараптар чек ара коопсуздугун камсыз кылууда эки республиканын кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн активдүү динамикасын, ошондой эле акыркы мезгилде жетишилген эки тараптуу диалогдун жогорку деңгээлин белгилешти.

Алар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы конструктивдүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк эки мамлекеттин элдеринин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет, ошондой эле өлкөлөрдүн тынчтыгын, туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууда негизги фактор болуп саналат деген ишенимин билдиришти.

Чек ара мекемелеринин жетекчилеринин жумушчу жолугушууларынын протоколдорун ишке ашыруу маселеси боюнча пикир алмашуу болду. Бул контекстте жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда прогресске жетүү боюнча милдеттенмелер тастыкталды.

Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жана тараптардын компетенттүү органдарынын № 42 протоколдун пункттарын аткарууга багытталган иш-аракеттери жогору бааланды.

Кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, жетишилген макулдашууларды өз убагында жана толук ишке ашырууну камсыздоонун, ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.

Эң көп окулган жаңылыктар