Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин сыпаттоо иштери аяктаганын тарыхый күн деп атады. Видеону министрлер кабинетинин «Госинфо» Telegram каналы жарыялады.
Анын айтымында, чек араларды тактоо иштеринен кийин юридикалык каттоо иштери жүргүзүлөт жана чек ара маселеси эки өлкөнүн парламенттери аркылуу ратификацияланат. Ошондой эле документке президенттер кол коюшат.
«Жакын арада, саналуу айлардан соң чек араларды тактоо иштерин биз жыйынтыктайбыз. Бул иштерди аткарууда өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө, анын ичинде Саймумин Ятимовго иштерди алып барууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Анткени биз биргеликте чек ара маселесин жыйынтыктап жатабыз», — деди Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги отуруму болду. Анда чек ара маселесин чечүүдөгү жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.