«Ат-Башы-Кында-Торугарт» унаа жолунун 33-чакырымынан 100-чакырымына чейинки аралыкта кар көчкүлөрдү жана кар күрткүлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишти районду тейлеген № 20 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Тазалоо иштерине 1 автогрейдер жана 1 бульдозер тартылган. Учурда жолдун 66-чакырымында иштер уланып, 1-апрелге чейин жолду ачуу аракеттери көрүлүп, аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу Ат-Башы-Кында-Торугарт жолундагы Кында ашуусу жыл сайын ноябрь айынан апрелге чейин жабылып келет.
Кинда ашуусу 3398 метр бийиктикте жайгашкан.