08:54
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

ӨКМ: Унаа жолдордо көр көчкү түшүүсү күтүлөт

Унаа жолдордо көр көчкү түшүүсү күтүлөт. Шашылыш билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда бүгүн, 19-марттан 23-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы Төө-Ашуу ашууда, 222-255-чакырымы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Андыктан ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет жана жарандарды алыска сапар албай турууга, коопсуздук эрежелерин камсыз кылууга чакырат",-деп айтылат маалыматта

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG