07:19
USD 87.02
EUR 95.29
RUB 1.05

Ысык-Көл облусунда баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолунун Чоң-Өрүктү айылына жакын жерде тыюу салынган заттарды сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган 1992-жылы туулган жарандан баңгизат салынган 76 ширеңке кутучасы табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат гашиш экени тастыкталды.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG