Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
«Манас» эл аралык аэропортунда Тажикстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинди, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулду, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Эмомали Рахмон менен учурашып, ага гүл сунушту.




