USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

«Азия Моллдо» бомба коюлгандыгын жалган айткан шектүү кармалды

12:18, 20 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Укук коргоо кызматкерлери Бишкек шаардык УКМК менен биргеликте борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жардыруучу зат бар деген маалымат тараткан жаранды кармашты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Кечээ, 19-февралда саат 20:03 чамасында борбордук милициянын 102 бөлүмүнө белгисиз адам телефон чалып, «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганын, ал аз убакыттын ичинде жарыларын билдирген. Текшерүү учурунда соода борборунан жардыруучу зат табылган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Террордук акт тууралуу билип туруп жалган билдирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.И кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика