USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкекте жерди мыйзамсыз менчиктештирген фактылар аныкталды

13:21, 17 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Орок муниципалдык аймактык башкармалыгында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР президентинин жарлыгы менен жер тилкелерин трансформациялоого тыюу салынганына карабастан, 2024-жылдын 29-февралында Жал айылындагы 534 чарчы метр жер тилкеси К.Т. аттуу жаранга мыйзамсыз берилген. Ошондой эле мыйзамсыз түрдө жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия түзүлүп, анын чечиминин негизинде 19 турак үйгө тиешелүү 2,06 га жер тилкеси мыйзамсыз менчикке бекитилген.

Бул фактылар боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика