Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков айыл өкмөт башчылары, акимдер, мэрлер иштебей жатканын билдирди.
Анын айтымында, алар жумуштан каалаган убакта келип кетишет. Эч кандай көзөмөл жок.
«Ош шаарынын мэри кандай иштеп жатканын көрдүңүзбү? Башка айыл өкмөт башчылары, акимдер, мэрлер дагы ушинтип иштеши керек? Алар азыр уктап жатышат. Алар иштебейт. Аларды түз эфирден көрбөйбүз. Аларда баш аламандык бар. Аларга кат жазасың, бирок жооп жок. Эл кандай иштеп жатканын көрүшү керек», — дейт Айбек Алтынбеков.
Депутат кадрдык резервге кабыл алуу ачык жүргүзүлүп, түз эфирде көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.
Эске салсак, президент 23-январда Жеңишбек Токторбаевди түштүк башкалаага мэр кылып дайындаган. Буга чейин муниципалитеттин башчысы кызматын Бакытбек Жетигенов ээлеп, ал Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.