Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын керлинг боюнча курама командасы үч беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Оюндардын сайтында маалымдалды.
Аралаш жуптар боюнча мелдештин тайпалык баскычында Исхак Абыкеев менен Керемет Асанбаева Катарды (8:6) жеңип, Кытай (3:8) менен Филиппинге (2:10) утулуп калды.
Эртең, 6-февралда Кыргыз курама командасы Казакстан жана Корея курамалары менен дагы эки беттеш өткөрөт.
Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.