18:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түгөйлөрдү тапанча менен коркуткан айдоочу кармалды

13-март күнү болжол менен саат 24:00 чамасында "102«кызматына Жибек-Жолу-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен жубайларды белгисиз айдоочу тапанча менен коркутуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя катталган жерге келген Свердлов райондук ИИБнын кызматкерлери шектүү жаранды кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө «БМВ» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түгөйлөр менен чырдашып, аларды тапанча менен коркутуп, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар