07:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алматыда феминисттик акциянын катышуучусу бейбаштыкка айыпталууда

Алматыда активист, ЛГТБ өкүлдөрүнүн укугун коргоочу Жанар Секербаева аялдардын «айызы» тууралуу акция өткөргөндөн кийин бейбаштыкка айыпталды. 15-августта полиция кызматкерлери Секербаеваны райондук ишки иштер башкармалыгына алып келип, сотко чакыруу кагазын тапшырышты.

Секербаева Административдик мыйзам бузуулар кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча айыпталууда. Эгер активист күнөөлүү деп табылса, 10 суткага административдик камакка алынат же беш айлык эсептик көрсөткүч (12 025 теңге) айыппулга жыгылат.

9-авгутта Алматынын жөө жүргүнчүлөргө арналган Арбат көчөсүндө акция өткөргөн Секербаева колуна: «Айыз — уят, кыйноо уят эмеспи?», «Айыз — бул аялдардын суперкүчү» деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп чыккан.

Секербаева сотто Арбатка тааныштарын колдоо үчүн келгенин, фотосессияга катышканын жана уюштуруучу эмес экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар