Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн «Даңк» медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:
Абдурахимов Равшан Хамрабаевич — «Салих ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, уюштуруучусу, Аламүдүн району, Чүй облусу;
Майлиева Шайлоогул Дуйшоновна — «Прод Импекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары;
Малабаева Нургуль Маликовна — «Ак-Куу» ачык акционердик коомунун башкы директору, Сокулук району, Чүй облусу;
Маматов Акылбек Абдимуктарович — «Альфа Ойл» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич — «АЛАЙКУ Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкармасынын төрагасы, уюштуруучусу, Кара-Суу району, Ош облусу;
Кадыров Суюндук Кадырович — «Кант-Сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу;
Осмонбаев Азамат Рахимжанович — «Альфа» майэкстракция заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу.
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» деген ардак наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:
Абдрахманов Нурбек Омурбековичке — «Кайыңды-Кант» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, Панфилов району, Чүй облусу;
Акимжанова Рысгүл Абдыманаповнага — «Бай Элим Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
Акунбеков Эрлист Абакировичке — «Бай Дыйкан» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
Гайворонский Денис Васильевичке — «Куликовский» кондитердик үйү" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;
Орумбаев Мырзабек Турганбаевичке — «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;
Укубаев Туратбек Галияровичке — «Аталык Групп» жабык акционердик коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
Дехтярев Павел Викторович — «Кант цемент заводу» ачык акционердик коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;
Кочергин Павел Геннадьевич — «Умай Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;
Маматов Кудретилла Абдилазизович — «Ноокат алмасы» айыл чарба багбанчылык коммерциялык кооперативинин башкы директору, Бишкек шаары;
«КОКА-КОЛА БИШКЕК БОТТЛЕРС» жабык акционердик коому.