01:57
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?

Бүгүн, 29-январда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки жактуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты.

Экономикалык өз ара аракеттенүүнү, атап айтканда соода, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында активдештирүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Президент Садыр Жапаров жана Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү региондогу өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
14-февраль, жума