22:16
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Дастан Бекешев жарандардан кумшекерди колдонууну азайтууну суранды

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев кумшекерди колдонууну азайтуу өтүнүчү менен жарандарга кайрылды.

Эл өкүлү «Чай менен кантты ичпегиле, балдарга шире жана кока-кола сатып албагыла. Бул өтө зыяндуу продукт», — деди.

Депутаттын айтымында, көпчүлүк жарандар алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин зыянын билишсе, канттын зыяны тууралуу билишпейт.

Ал ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинен канттын зыяндуулугу тууралуу маалымат таратууну суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар