Талас облусунун прокуратурасы тарабынан жеке адамдардын жер тилкелерине мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Райондук прокуратуралар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында Айтматов районунун Чолпонбаев айыл өкмөтүндөгү 9,4 га жер тилкелери жана Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнөн 300 чарчы метр, жалпы баасы 10 миллион 893 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.
Учурда тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.